Мен озумду паспортуму базага салайн десем?

№97173 | 25.06.2022 | Просмотров: 1226

Мен паспортумду базага салганы барсам сени атынга 2 омес ачылган дейт

Мага бир пинкоты очуртуп келсен базага киргизиб койом дейт мен кайта очуртусам болоть пинкоты?

Рахмат)))

Подписаться
Уведомить о
3 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
26.06.2022 07:14

Саламатсызбы!

бир жаранда бир нече идентификациялык жеке номер болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (ЦОНго кайрылсаңыз) тарабынан жарандын бардык идентификациялык жеке номерлери жабылат, арыз берүүчүнүн туура идентификациялык жеке номери сакталып калат же ага жаңысы ыйгарылат. Документтер берилген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет.
Керектүү документтер 1. туулган тууралу күбөлүк, паспорт. Ордунан арыз бересиз.
адвокат Купешев Сталбек Бекбоевич.
дарек Бишкек шаары, Киевская 62, (Евразия Бизнес борбору) 4-этаж, 402-каб.
тел: 0 702 236 900; 0550 46 67 51.

Юрист
26.06.2022 21:38

Саламатсыналарбы, 1998-жылдын 22-декабры № 154 “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республкасныны мыйзамы 71-статья. Идентификациялык жеке номерди өзгөртүү Ыйгарылган идентификациялык жеке номер төмөнкү учурларда өзгөртүлөт: – жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда туулган күнүн өзгөрткөндө; – эки жана андан көп жарандын идентификациялык жеке номерлери бирдей болуп калганда; – ыйгарылган идентификациялык жеке номеринде жынысы жана туулган күнү жөнүндө маалыматтар ката көрсөтүлгөндө. – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында. Ыйгарылган идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында каралган негиздер боюнча, ошондой эле идентификациялык жеке номерди ыйгарууда 2017-жылдын 1-июлуна чейин жол берилген техникалык каталыктарга байланыштуу өзгөчө тартипте жол берилет. Идентификациялык жеке номерди ыйгаруунун жана өзгөртүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 2017-жылдын 28-сентябры № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүүтартиби жөнүндө” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ Тиркеме Идентификациялык жеке… Подробнее »

Юрист
26.06.2022 21:43

24. Идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн төмөнкү документтер берилет: – ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз; – туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуусунан көчүрмө, же жарандын өздүгүн күбөлөндүргөн документ жана анын көчүрмөсү; – соттун тиешелүү чечимдеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; – зарыл болгон учурда – жалпы орто билими жөнүндө аттестаттын жана/же кесиптик орто билими жөнүндө дипломдун жана/же кесиптик жогорку билими жөнүндө дипломдун жана/же эмгек китепчесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү. 25. Идентификациялык жеке номерге өзгөртүүлөрдү киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган ички жол-жобого ылайык жана ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде гана жүргүзүлөт. 26. Жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларда туулган күнүн өзгөртүүдө жарандын идентификациялык жеке номери соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жана ушул Тартиптин 24-пунктуна ылайык берилген тиешелүү документтердин негизинде өзгөртүлөт. Документтер берилген күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жөнүндө маалымкат берилет. 27. Эки же андан көп жаранда окшош… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!