№16113: Мамлекеттен жер алсам болобу?

26.11.2016 | Просмотров: 841

Менин жашым 22 де Ош областына караштуу, Ноокат районунда торолгонмун, азыркы учурда, Ошто университетте инженер-программист болуп иштейм. Менде мындай суроо бар эле сиздерге мен Оштон жер алсам болобу мамлекет ар бир жаранга жер берет экенго ошол жонундо толугурак маалымат бере аласыздырбы?

Рахмат.

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
27.11.2016 21:33

Саламатсызбы! Сиздин суроонузга Кыргыз Республикасынын жер кодексиние тиешелуу беренелери менен жооп берейин. 32-статья. Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү Жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, атап айтканда: турак үйдү курууга жана тейлөөгө жана белгиленген ченемдер боюнча өзүмдүк көмөкчү чарба жүргүзүүгө жана дача курууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер үлүшүнө укугу бар жарандарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө берилет. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери, жайыттарды кошпогондо, ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына аны өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн акысыз берилиши мүмкүн. Ушул Кодекстин 73-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда жер участоктору бир жолу акысыз берилет. Мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларга жер участоктору акысыз пайдаланууга берилет, ал эми Кыргыз Республикасынын айрым юридикалык жактарына жер участоктору ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөндөгү максаттар үчүн: мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар, өнөр жай өндүрүшү үчүн, коргонуу, транспорт, энергетика, байланыш муктаждыктары жана башка… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!