№45324: Жумушум жок алиментти шаардын орто айлыгынын торттон биринин негизинде ата энем толоп келет 2016-жылдан бери…..

26.01.2019 | Просмотров: 278

Салам алейкум,

биз 2016-жылы ажырашканбыз ортодо бир кызым бар, сот болуп тиешелуу мекемелерден (госрегистр, налоговый, жумуш менен камсыздандыруу мекемелерден)справка алып сотко алып баргамын бирок ал справкаларды конулго албай менин алименттин олчомун шаардын орточо айлыгынын торттон бирин толого чечим чыгарышкан (3100сом), бирок менин эч кандай мумкунчулугум жок, 2016-жылдан бери жумушум жок ата-энемдин карамагында жашайм, анан дагы чет жака иштегени чыгайын десем КР чыгууга запрет койуп койгон, эмне кылышымды билбей журом, кандай жолдору бар ?

Рахмат !

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
26.01.2019 19:54

Саламатсызбы!

Кыргыз Республикасынын Уй-булоо кодексинимн негизинде, из иштейсизби, иштебейсизби, баланызды багуу учун алимент толоого милдетуусуз. Иш жок дегениниз  дагы жалган деп эсептеймин, анткени иштегиниз келсе иш таап алмаксыз. Такыр эле ишиниз жок болсо шаардык ишке орноштуруу борборуна учетко турсаныз, алар тез арада эле жумуш таап бермек.

Урматым менен, А. Сыдыков.

Контакттар: a_sydykov@mail.ru  же болбосо 0701 680 480.

Юрист
27.01.2019 09:41

Коллегиянын жообуна кошумча, сизден алимент өндүрүүдө сот шаардын орточо айлык акыдан алимент өндүрбөстөн Сиздин иштеп тапканыныздан жана дагы башка кирешениздин төртөн биринде өлчөмдө алимент өндүрүлсө керек. Эгерде Сиз иш жок деп эч жерде иштебесениз, анда сиз жашаган жердеги орточо айлык акыдан өндүрүлөт. Эмгек акынын жана колдо кирешенин жоктугу менен сиз баланы багуу милдетинен бошотулбайсыз, Сиз баланызды багууга милдеттүүсүз. Эгерде алимент төлөөдөн качсаныз Сизге карата тиешелүү жаза чаралары колдонушу мүмкүн.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!