№32780: Жолдошумдун макулдугусуз ажыраша аламбы?

02.03.2018 | Просмотров: 335

Биз Нарында айылда жашайбыз. Менин бир кызым жана 8 айлык боюмда бар. Ажырашууга туура келип жатат. Бирок жолдошум буга макул эмес.

Анын макулдугусуз ажыраша аламбы жана ажырашыш учун кандай документтер керек, каякка кайрылам?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
03.03.2018 15:02

Никени бузууга жубайлардын биринин макулдугу болбогон учурда сот тарабынан ажырашуу жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Үйбүлөө кодексинин 23-беренсинин талаптары боюнча, эгерде жубайлардын мындан ары чогуу жашоо жана үйбүлөнү сактап калуу мүмкүн эместиги сот тарабынан аныкталса, никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт. Мында,жубайлардын бири никени бузууга макул болбосо, никени бузуу жөнүндө иш каралган учурда, сот жубайларды жараштыруунун чараларын көрүүгө, жубайлардын жарашуусу үчүн үч айдын аралыгындагы мөөнөт дайындап, ишти кароону кийинкиге калтырууга укуктуу.

Ажырашуу үчүн жашат турган же катталган аймактагы сот органына ажырашуу тууралу арыз жазасыз, арызга никеге тургандыгы тууралу күбөлүк, балдардын туулгандыгы тууралу күбөлүк жана мамлпекеттик алым төлөнгөндүгү тууралу маалымат ж.б. иш кагаздары тиркелүүсү зарыл.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!