Жолдошум балдарыма менден мурас калсын деп салган уй

№57263 | 12.01.2024 | Просмотров: 658

Саламатсызбы?!

Менде мындай суроо –  Биз жолдошум экообуз 2015 жылы уйлонгонбуз. Уйлонгондо уйу жок болчу квартирада турушкан. Кайынэнем жалгыз бой эне. Кайынатам м.н ажырашып кетишкен экен. Менин жолдошумдун 4 карындашы жана 1 иниси бар. Жолдошум уйдун улуусу. Ошентип 2016 жылы жайында озубузго уй салалы деп айылыбызга фундамент куйдук. Жолдошум озу жалгыз иштегендиктен быйыл гана (2019ж) уйду буттук. Атасы жок болгондуктан бир туугандарына аталык милдетин аткарып, кам коруп келатат. Азыр биздин 2 эркек балабыз бар. Уйдун документин болсо биз шаарда иштеп жургондо кайнэнем озуно жаздырып алыптыр. Эми мен балдарымдын келечеги учун коркуп атам.

Кийин кайнэнемдин козу откондо уй кимге отот? Кайниме калып калабы? Анын эч кандай салымы да жок. Ал эмес кайнэнем бир сом кошкон эмес уйубузго.

Мейли азыр документ кайнэнемде боло берсин. Бирок уйду жолдошум тургузду толугу м.н.Жолдошум болсо энесинин конулун оорутуп албайын деп документти мага(жолдошума) жаздыр деп айта албай жатат.

Так айта турган жерим: бул уйду кантип балдарыма кала тургандай кылсам болот? Мээнетибиз талаага кетпеш учун эмне кылыш керек?

Эки балабыз м.н азыр да шаарда квартиралап иштеп журобуз. Экинчи балабызга да уй кылалы деп. Кийин балдарыбыздын да квартиралап жургонун каалабайм. Журок ооруйт.

Жооп берип коюнуздарчы тагыраак?

Рахмат!

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
12.12.2019 20:02

Саламатсызбы!

Аталган уйду кайненеиздин конулун оорутпасы келбесе, куйоонуз оз атына откоруп алсын. Ошондо кана ал уй сизге же болбосо балдарына калат. Ушул бойдогн калтырып койсонор, кайненениз отуп кеткенде ал уйго мураскерлер катары куйоонуздун баардык бир туугандары укуктуу болот. Андыктан куйоонор озуно откоруп алсын.

Урматым менен, А. Сыдыков.

Контакттар: a_sydykov@mail.ru же болбосо 0701 680 480.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!