№47348: Фамилиясына кантип откорсом болот

17.03.2019 | Просмотров: 581

Саламатсыздарбы!

Менин балам торолгонго чейин ажырашып кеткенбиз баламды озумдун фамилияма жаздырып алганмын эми атасынын фамилиясына откорсом деймин. Бирок азыркы учурда ал Бишкек шаарында турат мен Баткен облусунда турам. Баламдын атасын чакырсам келбей жатат мен аны сотко бере аламбы жана алимент кантип алсам болот

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
17.03.2019 15:15

Саламатсызбы,

Сиз баланызды атасынын фамилиясына өткөрүү үчүн сот органына кайрылуунуз зарыл, атасынан алимент өндүрүү да сот орагны тарабынан аткарылат, андыктан,

Сиз сот органына баланын аталыгын аныктоо жана жашы жетпеген балага алимент өндүрүп алуу тууралуу доо арыз менен кайрылуунуз зарыл.

Кыргыз Республикасынын жарандык процессдик кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунун талаптарына ылайык доо арызды өзүнүз жашап турган аймактагы сот органына кайрылуу менен ишке ашырсаныз болот.

Кененирээк маалымат алуу үчүн

+996 777 805 5885 телефонуна конгурок кылсаныз болот.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!