№90529: Эмгек өргүү боюнча

27.02.2022 | Просмотров: 2408

Мен эмгек өргүүгө 2020-2021-жж. иштеген жылдарым үчүн 2021-ж.16-августунан 1-октябрга чейин чыккан болчумун. Андан соң 17-ноябрдан декреттик өргүүгө чыктым.

Ошондо мен декреттик өргүүдөн соң, эмгек өргүүгө чыга аламынбы?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
27.02.2022 22:49

Саламатсыналарбы, КР Эмгек Кодексинин 2004-жылдын 4-августу № 106 кабыл (акыркы 18.01.2022ж.редакциясындагы). 126-статья. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн тартиби Акы төлөнүүчү өргүү жыл сайын берилүүгө тийиш. Иштей баштаган биринчи жылда өргүүнү пайдалануу укугу кызматкерде ошол уюмда үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгондо келип чыгат. Тараптардын макулдугу боюнча кызматкерге өргүү 11 ай өткөнгө чейин да берилиши мүмкүн. Үзгүлтүксүз иштегенине 11 ай толгонго чейин акы төлөнүүчү өргүү кызматкердин арызы боюнча төмөнкүдөй берилүүгө тийиш: 1) аялдарга — кош бойлуулук жана төрөтү боюнча өргүүгө чыгардын алдында же түздөн-түз андан кийин; 2) 18 жашка чейинки кызматкерлерге; 3) айкалыштырып иштегендерге, эгерде негизги жумуш орду боюнча эмгек өргүүсү айкалыштырып иштегенине 11 ай толгонго чейинки мезгилге туура келсе; 4) 3 айга чейинки жаштагы баланы (балдарды) багып алган кызматкерлерге; 5) мыйзамдарда каралган башка учурларда. Иштеп жаткан экинчи жана андан кийинки жылдары үчүн өргүү ошол уюмда белгиленген акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүүнүн кезегине ылайык иш жылынын кандай убагында болбосун берилиши… Подробнее »

Юрист
27.02.2022 22:50

307-статья. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү Аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү алардын арызы боюнча жана медициналык корутундунун негизинде төрөткө чейин 70 календардык күнгө жана төрөттөн кийин 56 календардык күнгө (төрөтү оор болгондо же эки жана андан ашык бала төрөлгөндө — 70) ушул мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгү боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен берилет. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү суммаланып эсептелет жана аялга төрөткө чейинки иш жүзүндө пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан толугу менен берилет. Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген аялдардын кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсүнүн узактыгы эмгек стажысына карабастан, айлык акысынын толук өлчөмүндө кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгү боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен төмөндөгүдөй белгиленет: төрөт ойдогудай болгондо — 140 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн); төрөтү оор болгондо — 156 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!