№104888: Мен КР жаранымын, аялым Таджикистан жараны (этникалык кыргыз)

Мен Кыргызстан жаранымын, Кыргызстанда жашайм, аялым Таджикистан жараны (этникалык кыргыз), Кыргызстан жарандыгына тапшырганга кандай документтер керектелет?

Жана 3 балабыз бар туулган жонундо куболугу Таджикистандыкы ошонуда Кыргыз куболуко алмаштырса болобу?!

Заранее спасибо

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
24.05.2023 23:26

Саламатсызбы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндөЖОБО 1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыкты калыбына келтирүү жана андан чыгуу жөнүндө арыз, арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча каралат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жазылат жана: 1) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган учурда — арыз ээсинин жашаган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын аймактык органына; 2) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы жерлерде туруктуу жашаган учурда — Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине берилет. 2. Арыз ээси арызын өзү тапшырууга жана жазылган күнүн көрсөтүү менен ага арыз ээси кол коюуга тийиш. Эгерде арыз берүүчү өзүнүн дене боюнун кемчилдигинен улам өтүнүчкө кол кое албаса, анын өтүнүчү боюнча өтүнүчкө башка адам кол коет жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы жерлерде арыз ээсинин колтамгасы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлөт. 3. Эгерде арыз берүүчү өзгөчө… Подробнее »

Юрист
24.05.2023 23:28

7. Арыз Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун же токтотуунун тийиштүү негиздери менен форма боюнча жазылат. Бардык зарыл документтер эки нускада топтолот: арыздын бирине документтердин түп нускалары, башкасына — көчүрмөлөр тиркелет. Арыз ээси берген анын ким экендигин ырастаган документтин (паспорт жана (же) жашап турууга уруксат) түп нускасы кайра кайтарылууга жатат. Арызга ал документтин көчүрмөсү тиркелет, анын түп нускага дал келиши кызмат адамы тарабынан текшерилет жана анын колтамгасы жана ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен ырасталат. 8. Документтер мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлүүгө же ал тилдердин биринде котормосу болууга тийиш. Документтердин котормосунун тууралыгы нотариалдык түрдө же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кызматкери тарабынан ырасталууга тийиш. 9. Арыздын бланкы кол менен же техникалык каражаттарды (жазуучу машинка, компьютер) колдонуу менен толтурулат. Кол менен толтурулган арыздын тексти түшүнүктүү болууга тийиш. Арыздын бланкын толтурууда кыскартууларды жана аббревиатураларды пайдаланууга, ошондой эле оңдоолорду киргизүүгө жол берилбейт. Арыздын бланкында камтылган суроолорго жооптор толук болууга тийиш. 10. Кыргыз Республикасынын аймагында… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!