№31528: Мен кыргыз жаранымын жана Турк жараны менен Кыргызстанда уйлонуубуз

25.01.2018 | Просмотров: 521

Мен кыргыз жаранымын жана Турк жараны менен Кыргызстанда уйлонуубуз. учун кандай документтер талап кылынат?

Экообуз тен ажырашканбыз. Турк жараны учун эмнелерди талап кылынат. Тез аранын ичинде уйлонуш учун канча убакыт кетет.

Загс алгандан кийин мен Туркияга эч жолтоосуз кирип чыга берсем болобу кандай болот?

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
25.01.2018 17:42

Кыргыз Республикасынын Үйбүлөө Кодексинин 163-беренесинин талаптары боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында никеге туруунун формасы менен тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын аймагында никеге туруунун шарттары никеге турууга тоскоол болуучу жагдайларга карата, Үйбүлөө Кодекстин 15-статьясынын талаптарын сактоо менен никеге туруучу ар бир адам үчүн никеге туруу учурунда жараны болуп саналган адамдын өз мамлекетинин мыйзамдары менен аныкталат. Бир нече чет мамлекеттин жарандыгы бар адамга ошол адамдын тандап алуусу менен ошол мамлекеттердин бирөөсүнүн мыйзамдары колдонулат. Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адамдын никеге туруу шарты, ал адам туруктуу жашап жаткан жериндеги мамлекеттин мыйзамы менен аныкталат. Үйбүлөө Кодекстин 15-статьясынын талаптары боюнча төмөндөгүлөрдүн ортосунда никеге турууга жол берилбейт: адамдардын бирөөсү эле башка адам менен катталган никеде турса; жакын туугандарга (улуулата жана кичүүлөтө түз тараган туугандарга (ата-энелери менен балдары, чоң атасы, чоң энеси, таята, таянеси жана неберелери), бир ата-энеден төрөлгөн жана атасы же энеси бир эркек-кыз бир туугандарга; асырап алуучулар менен асырап алынгандарга; психикалык бузулуулардан бир… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!