Сиңдим 3 баласы мн ажырашты

№113512 | 23.09.2024 | Просмотров: 65

Сиңдим 3баласы мн ажырашты, улуусу 4жаш, 2жарым жаш, 10 айлык.

Алимент 6миң төлөйт, дипломун балдардын күбөлүгүн бербей жатышат, сот көңүл буруп чечип бербей жатат, кайын журту сөйкө шакегине чейин алып алышты,эмне үчүн сиңдим өз буюмдарын ала албай, себиндеги төшөктөрү н да катып алышыптыр

Подписаться
Уведомить о
3 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
23.09.2024 14:08

Кыргыз Республикасынын Жарындык жана Уйбулоо кодексине ылайык, оз макамындагы мулкко эч кимдин кийилишууго жана тартып алуусуна тыйыуу салынат. Башкача айтканда сиздин туугандарыныз сиздин буюмдарынызды алууга укугу жок.
Соттун чечими менен жашы жете элек балдар ким менен калышса укуктарды күбөлөндүрүүчү документтер ошол киши менен калат.

Урматто менен, юрист
Азирет Даирович!

Тел: 0704554457

Юрист
24.09.2024 15:01

Саламатсызбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСи 2003-жылдын 30-августу № 201 (акыркы 2022-жылдын 6-июнундагы № 41   Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 35-статья. Жубайлардын ортодогу менчиги   1. Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкү алардын ортосундагы менчиги болуп саналат. 2. Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкүнө (жубайлардын жалпы мүлкүнө) жубайлардын ар биринин иштеген ишинен, ишкердик жумушунан жана интеллектуалдык ишинин натыйжаларынан түшкөн кирешелер, алар алган пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой эле атайын максаттуу багыттамасы болбогон дагы башка акчалай төлөмдөр (материалдык жардамдын суммалары, оор жаракат алгандан же ден соолугуна дагы башкача залал келтирилгендин кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугуна байланыштуу төлөнгөн суммалар) кирет. Жубайлардын жалпы мүлкү катары, ошондой эле жубайлардын жалпы кирешелеринин эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр, баалуу кагаздар, пайлар, салымдар, кредит мекемелерине же дагы башка коммерциялык уюмдарга салынган капиталдагы үлүштөр жана кайсы жубайынын атына салынганына же акча каражаты жубайлардын кимиси тарабынан салынганына карабастан, никеде турган мезгилде жубайлар тарабынан арттырылган мүлк болуп саналат. 3. Жубайлардын жалпы мүлкүнө тиешелүү укук нике мезгилинде үй… Подробнее »

Юрист
24.09.2024 15:07

2. Жубайлардын жалпы мүлкү алардын макулдугу боюнча жубайлардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Жалпы мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө жубайлардын макулдашуусу алардын каалоосу боюнча нотариаддык жактан ырасталышы мүмкүн. 3. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө, ошондой эле бул мүлктөгү жубайлардын үлүштөрүн аныктоодо талаш-тартыш келип чыкса, ал сот тартибинде чечилет. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө сот жубайлардын талабы боюнча кайсы мүлк жубайлардын кимисине бериле тургандыгын аныктайт. Эгерде жубайлардын бирине берилип жаткан мүлктүн наркы ага тиешелүү үлүштүн наркынан ашып кеткен учурда, экинчи жубайына тиешелүү өлчөмдөгү акчалай же дагы башка компенсация ыйгарылышы мүмкүн. 4. Сот үйбүлө мамилелери токтотулган учурда жубайлардын ар бири өз алдынча жашаган мезгилде арттырган мүлкүн алардын ар биринин жеке мүлкү катары тааный алат. 5. Жашы жетпеген балдардын муктаждыгын канааттандыруу үчүн гана сатып алынган буюмдар (кийим-кече, бут кийим, мектеп жана спорт шаймандары, музыкалык аспаптар, балдар китепканасы жана башкалар) бөлүштүрүлбөйт жана балдар жубайлардын кимиси менен жашаса, ошого компенсациясыз берилет. Жубайлардын жалпы мүлкүнүн эсебинен алардын ортосундагы жашы жетпеген балдардын атына… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!