№70964: Ажырашкандан кийин алимент кыркылабы

12.02.2021 | Просмотров: 632

Ажырашкандан кийин алимент кыркып береби?же ажырашпай туруп эле алимент кырктырып алсам болобу

Подписаться
Уведомить о
3 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
12.02.2021 20:06

Саламатчылык,

Алимент ондуруп алыш учун баланын куболугундо атасы деген жерде болсо эле болду. Алимент нике учурунда да ондуруп алса болот.

Юрист Сулайманова Нурила 

0778-506-142,0500-506-142 

Юрист
12.02.2021 21:30

Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын Үй бүлөө кодексинин талаптары боюнча, ата-эне  өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Эгерде жашы жетпеген балдардын ата энесинин бирөөсү аларды багууга каражат  бербесе сот аркылуу алимент өндүрүп алууга болот. Алимент өндүрүү соттук буйрук аркылуу же доо арыз кароо процесси аркылуу жүргүзсө болот. Никени ажыратуу шарт эмес.

Юрист
13.02.2021 09:45

Саламатсыналарбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИ 2003-жылдын 30-августу № 201   http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1327/220?cl=ky-kg&mode=tekst 85-статья. Жашы жетпеген балдарды багуу боюнча ата-эненин милдеттери 1. Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Жашы жетпеген балдарды багуунун тартиби менен түрү ата-эне тарабынан өз алдынча аныкталат. Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багуу тууралу ушул Кодекстин 17-главасына ылайык макулдашуу (алимент төлөө тууралу макулдашуу) түзүүгө укуктуу. 2. Эгерде ата-энеси (экөөнүн бири) өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга каражат бербеген учурда, аларды багуу үчүн каражат (алимент) баланын атынан, ата-энесинин биринен сотко берилген доонун, же болбосо алардын ата-энесинен (экөөнүн биринен) жашы жетпеген балдарына алимент өндүрүп алуу тууралуу доо коюу укугу берилген балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн доосунун негизинде ата-энелеринен (экөөнүн биринен) сот тартибинде өндүрүп алынат. (КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)  851-статья. Билим берүү уюмдарында окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы балдардын алиментке укугу 1. Алиментти төлөө жөнүндө макулдашуу болбосо, академиялык отпускада болгон мезгилди кошпогондо, алар окууну… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!