Аты-жону туура эмес
№112522 | 15.07.2024 | Просмотров: 765
Саламатсыздарбы,
менин суроом томондогучо, менин аты жонум паспорт боюнча Саматов Кайрат, бирок мени кичинемден атымды Акыл деп аташып менин атымда жер участогун Саматов Акылга деп атам документтештирип салган экен.
эми мен ал жер участогун сатайын десем Жер участогунун документтерин Паспортумдагы Аты жонумо озгортушум керек экен, мен эми кайсыл мам.
Органга кайрылам.
ассалам алейкум!!! мен тушунгонум боюнча бул айыл жергесинде эле болушу мумкун, Айыл окмотунун чыгарылган токтомуна озгортуусуно арыз менен кайрылышыныз керек, техникалык жактан катаа келген тууралуу малыматты тастыктап жана уй булолук справкаларды тиркеп, токтомдун кочурмосун тиркеп, ж.б.,
Паспотунуздагы атынызды Токтомго туура келтирсениз да мумкун катары сунуш… экинчи вариант тамаша…
Саламатсызбы, менин оюмча жер участокту менчике болгон жерлигиктуу бийлике арыз менен кайрылыш керек аты жонунуздогу катаны ондогонго же жерлигиктуу бийлик канаттандырбаса сиздин арызынызды, анда сотко кайрылыш керек. Атыныз озгортуу учун ЦОН ( КТБ Калкты тейлоо борборуна) кайрылыныз. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы № 90 токтомуна) Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө нускама (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 649, 2022-жылдын 15-мартындагы № 143, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329 токтомдорунун редакциясына ылайык) 52. Он алты жашка толгон адам фамилиясы камтылган өзүнүн атын, атап айтканда атын жана/же атасынын атын өзгөртүүгө укуктуу. Атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын (баланын энеси менен никелешүү тууралуу күбөлүктү берген учурда) же чоң атасынын жана таятасынын аттары боюнча жүзөгө ашырылат. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча он жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдары тарабынан фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо кайрылган жери боюнча арыз… Подробнее »
54. Жашы жеткен адамдын фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт: – арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (анын ичинде “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта) же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ; – арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (КБМРда туулгандыгы тууралуу актыны жазуу болбогон учурда); – эгерде арыз ээси никеде турса, никелешүү тууралуу күбөлүк (КБМРда никелешүү тууралуу актыны жазуу болбогон учурда); – жашы жете элек балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо) (КБМРда туулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда); – эгерде арыз ээси никесинин бузулгандыгына байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк (КБМРда никенин бузулгандыгы тууралуу актыны жазуулар болбогон учурда). 56. Фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоого арыз кабыл алынгандан кийин жарандык абалдын актыларын жазуу органы жарандык абалдын актыларын жазуулар жайгашкан жер боюнча жарандык абалдын актыларын… Подробнее »