№86666: Аскердик кызматты альтернативалык түрдөө өтөө тууралуу

16.11.2021 | Просмотров: 923

 

аскердик кызматты өтөөнүн альтернативалык жолу тууралуу мыйзамда кандай жазылган жана аны өтөө үчүн кандай документтер жана канча суммадагы акча керектелет.

Мен билгим келен нерсе канча суммадагы акча керек экендиги мыйзамда так жазылганбы?

Подписаться
Уведомить о
3 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
16.11.2021 17:03

Саламатсыналарбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 9-февралы № 43 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» (акыркы 2021-жылдын 6-апрелиндеги N 47 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/202536/180?cl=ky-kg&mode=tekst 7-глава Альтернативдик кызматка чакыруу жана өтөө  32-берене. Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу 1. (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2. Он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес, же болбосо чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган, мөөнөттүү аскер кызматын өтөбөгөн эркек жаран: төмөнкүлөр альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш, эгерде ал: — ынанымы курал колдонууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген каттоодон өткөн диний уюмдун мүчөсү болуп саналса; — (абзац КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1) Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) — (абзац КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1) Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) төмөнкүлөр альтернативдик кызмат өтөөгө укугу бар, эгерде ал: — чакырылып жаткан адамдан тышкары он сегиз жашка чейинки төрт жана андан да көп балдары бар болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам балдардын улуусу болсо; — ата-энелеринин бири I… Подробнее »

Юрист
16.11.2021 17:04

3. Альтернативдик кызматка чакыруу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт. Альтернативдик кызматтын мөөнөтү он сегиз айды түзөт. (абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамынаылайык күчүн жоготту) Жарандардын альтернативдик кызматты өтөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. 4. Альтернативдик кызматты өтөө төмөндөгүлөрдү карайт: үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чакырылгандар үчүн — республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 180 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү; диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөсү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумушту аткарууга каалоосун билдирген жарандар үчүн — кызмат өтөөнүн бүткүл мезгилинде 108 саат узактыктагы коомдук пайдалуу жумушту аткарууну жана республикалык бюджеттин кирешесине эсептик көрсөткүчтүн 250 өлчөмүндө акчалай төгүмдү төлөөнү. Ар бир квартал ичинде акчалай төгүмдүн жалпы көлөмүнүн алтыдан биринен кем эмеси төлөнүүгө жатат. Альтернативдик кызматтын кызматчылары коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жөнөтүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тийиштүү аскер комиссариатына көрсөтүү үчүн альтернативдик кызматтын… Подробнее »

Юрист
16.11.2021 17:05

7. Альтернативдик кызмат аяктагандан жана толук сумманы төлөп бергенден кийин жаран, диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсүнөн тышкары запаска киргизилет.

Караңыз: КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы 10-р чечими

8. Альтернативдик кызматты өтүү укугуна ээ болгон жаран, жазуу түрүндөгү арыздын негизинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мөөнөттүү аскер кызматына чакырылышы мүмкүн.

Урматтоо менен,
Муратбек Азимбаев

тел.: +996 700 987794; +996 776 987794; +996 550 987794
WhatsApp, Telegram, Signal

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!