№62548: Алимент тууралуу билейин дегем

02.05.2020 | Просмотров: 380

Саламатсызбы!

Менин акем менен женем чогуу жашабай жатышат. Эки баласы бар. Женем айылда жашабайм деп Бишкекке кетип калган. Эми алимент толосун деп жатат. Акем эч жерде иштебейт. Дыйканчылык эле кылат. Айылда уйу бар. Акем женеми келет деп кутуп жургон. Эми сотко бериптир.

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
02.05.2020 12:49

Саламатсызбы! Негизинен мыйзам боюнча ата-эне жашы жете элек балдарын багууга милдеттүү, андыктан акениз балдарына тиешелүү каражат бербей каралашканга көмөк көрсөтбөй жатса, сот аркылуу алимент өндүрүлөт. Ал эми женеңиз айылда жашабайм деп кетип калуусу бул башка маселе. Акениз эч жерде иштебесе же каражат табуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, алимент акениз жашап турган аймактын орточо айлык акысынын негизинде өндүрүлөт. Эгерде, акениз ажырашкысы келбесе, балдарды багууга мүмкүнчүлүгү болсо (шарты менен), женеңиздин алимент өндүрүү боюнча доо арызына тосмо доо коюуга укуктары бар (балдардын жашаган жерин аныктоо жөнүндө), аны үчүн билимдүү кесипкөй юрист же адвокат жалдап иш алып барганынар дурус болот.

Юрист
15.05.2020 14:32

Акениз баласын бакканга милдеттуу, иштеседа иштебеседа алимент толоого милдеттуу.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!