№109142: Алимент ондуруу боюнча

01.02.2024 | Просмотров: 749

Байкемдин мурунку келинчеги алиментке берди 2 баласы бар, а азыркы келинчегинен 1 эркек баласы бар, ошондо сотто азыр келинчегинин баласы да эске алынып алименттин суммасы ошого жараша чечилеби?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
01.02.2024 21:18

Саламатсызбы! Эгерде сотко байкениздин айлык маянасы тууралуу маалымкат алып барсанар, алган айлык маянанын (кирешенин) 1/3 болугу кесилет. Ал эми иштебеген учурда Нацстаткомдын орточо айлык акынын эсебин алат. Коп учурда сиз сурап жаткан учур эске алынбайт, анткени баардык балдарына бирдей акчалай жардам котсотууго тийиш. Бирок, сот отурумуна барып, оз жагдайын тушундуруп, корсотмо берсе, эске алынышы мумкун.

Урматтоо менен:
Айдай Каныметова
+ 996 702 68 19 49

Юрист
03.02.2024 21:32

Саламатсызбы!
Азыркы учурда мурунку аялына алиемнтти эки балага төлөйт экен. Алименттин өлчөмүн сот туруктуу өлчөмдө белгилши мумкун же тапкан киреше-пайдасынан пайыз трүрүндө чечкенби билиш керек. Эки балага баардык кирешеден 33% өндүрүлөт. Ал эми экинчи үй бүлөсүнөн бир бала болсо анда ал келинчеги никеде туруп эле алимент өндүрүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылса болот, ошондо бир балага баардык кирешеден 25% өндүрсүн деп сот чечим чыгарат. Баардыгын кошкондо балдарына баардык кирешеден 58 пайыз алимент өндүрүлүп калат. Ушул кагаздардын негизинде Байкеңиз сотко кайрылып алименттин өлчөмүн азайтуу жөнүндө арыз менен кайрыла алат. Мыйзам боюнча алименттин өлчөмү баардык кирешеден 50% ашпаш керек. Ошондо сотко берсе сот чечип бериши мүмкүн.
Ал эми бүгүнкү күнү алиментти сот аткаруучулар өндүрүп жатат алар соттун чечимин гана аткарат, жана башка баласы бар жогун алар эске албайт.
адвокат Купешев Сталбек Бекбоевич
тел: 0550 46 67 51

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!