Алимент кантип алсам болот?

№104149 | 03.04.2019 | Просмотров: 647

Мен Кара-Кулжага турмушка чыкканмын заксты да ал жактан алганбыз. Азыркы убакта мен эки балам менен Жалал-Абадта турам куйом Россияда. Жалал-Абадтан алиментке тапшыра аламбы же заксты алган жерге барышым керекби.

Кандай документтерди даярдашым керек?

Жооб кутом

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
06.04.2023 13:36

Кыргыз Республикасынын жарандык процессуалдык кодексинин 31-беренесинин 3-пунктунда «Алиментти өндүрүп алуу жөнүндө, аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доолор доогердин жашаган жери боюнча да коюлушу мүмкүн» деп көрсөтүлгөн. Алимент арызы басылма текст түрүндө жашаган жердеги сотко берилет. Арызга никелешүү жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү, жашаган жерден тактама, паспорттунуздун көчүрмөсү, баланыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү тиркелет.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!