№29655: Ажырашуу учун кайда кайрылам

23.11.2017 | Просмотров: 456

Менкуйом менен ажырашайын дегем. Чогу жашабаганыбызга 5 ай болду, ортодо 3 жаштагы бала бар. Бирок куйом Токмокто, а мен Бишкекте турам. Ажырашуу учун Токмоко барып арыз жазамбы же Бишкектен эле жазсам болобу и эмне документтер керек.

рахмат

Подписаться
Уведомить о
1 ответ юриста
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
23.11.2017 20:50

Саламатсызбы, Сиз күйөңүз менен ажырашуу үчүн, Токмок шаарына же Бишкек шаарында доо арыз берсениз болот. Анткени, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январдагы №14 Мыйзамы менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодекстин» 31-беренсениде Доогердин тандоосу боюнча сотко караштуулук деген каралган. Аталган берененин 3-пунктунда «Алимент өндүрүп алуу жөнүндө. аталыкты тастыктоо жөнүндө, ата-энелик укуктардан ажыратуу же аларды чектөө жөнүндө доо доогер тарабынан анын жашаган жери боюнча да коюудлушу мүмкүн»-деп көрсөтүлгөн.

Ажырашуу үчүн доо арызга никеге туруу жөнүндө күбөлүк, балдардын күбөлүгү, жана башка тиешелүү иш кагаздары талап кылынат.

Негизинен, Сиз адвокат кызматына кайрылганыңыз туурараак болмок, анткени кээ бир учурларда, тиешелүү иш кагаздар маселелери боюнча кыйынчылык туулган жагдайлар болуп калышы мүмкүн.

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!