№88763: Күйөөм мектепте от жагып иштейт, бирок айлыгы эш нерсеге жетпейт

11.01.2022 | Просмотров: 236

Саламатсыздарбы,

менин 3 балам бар 2кыз 1уул. мен иштебей, ошолорду карап үйдө отурам, күйөөм мектепте от жагып иштейт, бирок айлыгы эш нерсеге жетпейт. квартирада турабыз, бизге жардам бериниздерчи сураныч

Подписаться
Уведомить о
3 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
11.01.2022 23:03

Саламатсыналарбы, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпул «Үй-бүлөгө көмөктү» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат: 16 жашка чейинки балдары бар; Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо. «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек?«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек? “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес. «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат?  кирешелер эсепке алынат? «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынат: – айлык акы, стипендия; – ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде); – жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар. «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт? «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт: – пенсиянын бардык түрлөрү; – мамлекеттик жөлөкпулдар; – сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;… Подробнее »

Юрист
11.01.2022 23:03

1 уй = 6 МЖ 1 кунажын = 4 МЖ 1 торпок = 2,5 МЖ 1 өгүз = 6 МЖ 1 жылкы = 7 МЖ 1 бука = 8 МЖ Мисалы: 5 адамдан турган үй-бүлөдө бар болсо: 1 уй, 1 кунажын, 3 кой. Эсеп: 1 уй= 6 МЖ, 1 кунажын=4 МЖ Баары: 6+4+3=13 МЖ     Үй-бүлөнүн бир адамына туура келет: 13 МЖ: 5 = 2,6 МЖ (КЭТК 1000 сомдон төмөн болгон шартта жөлөкпул дайындалат).    Балдары бар жана жөлөкпулга муктаж болгон үй-бүлөнүн муктаждыгы эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын адистери тарабынан текшерилет. «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу кандай өлчөмдө дайындалат «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү 810 сомду түзөт. Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөкпул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт. «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо үчүн кайсы документтер керек паспорт; факт түрүндө жашаган жеринен үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат; балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк; үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат; банктык маалымдаректер. Керек болгон учурда кошумча берилет: ишсиз эмгекке жөндөмдүү үй-бүлө мүчөлөрү үчүн иш менен камсыз кылуу органдарынан маалымкаттар;… Подробнее »

Юрист
11.01.2022 23:06

“Үй-бүлөгө көмөк” дайындалгандан кийин үй-бүлөдө болгон өзгөрүүлөр тууралуу маалымдоо керекпи?  Ооба, “үй-бүлөгө көмөк” алган үй-бүлөлөр өзгөрүүлөр болгон күндөн тартып беш күндүн ичинде эмгек жана социалдык өнүгүү органдарына маалымдоого тийиш, эгерде: – үй-бүлөнүн кирешеси өзгөргөн болсо; – үй-бүлөнүн курамы өзгөрсө; – үй-бүлө туруктуу жашоо үчүн республиканын чегинен тышкары көчүп кетсе; – жөлөкпул алуучу каза болгон учурда; – же башка шарттарда. Муну менен катар, жөлөкпулду негизсиз дайындоого алып барган жагдайлар болгондугу тууралуу өз убагында кабар бербеген үй-бүлөгө “үй-бүлөгө көмөктү” төлөө бул факты аныкталган учурдан тартып токтотулат. Мыйзамсыз берилген акча каражаттары республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш, ал эми “үй-бүлөгө көмөктү” жаңы дайындоо тууралуу арыз 12 ай ичинде кабыл алынбайт. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо жана төлөө менен байланышкан талаштарды кантип чечүүгө болот Эгерде Сиз: • жөлөкпул дайындоодо үй-бүлөгө негизсиз баш тарткан; • жөлөкпул туура эмес дайындалган; • жөлөкпул төлөө өз убагында жүргүзүлбөйт деп эсептесеңиз, анда Сиз арыз менен жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана шаардын мэриясына… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!