№74162: Тороттон кийин эмгек оргууго чыкса болобу? 

31.05.2021

Тороттон кийин эмгек оргууго чыкса болобу?

Вам ответил
31.05.2021

Саламатсызбы,

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК КОДЕКСИ 2004-жылдын 4-августу № 106   http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1505/320?cl=ky-kg&mode=tekst

307-статья. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү

Аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү алардын арызы боюнча жана медициналык корутундунун негизинде төрөткө чейин 70 календардык күнгө жана төрөттөн кийин 56 календардык күнгө (төрөтү оор болгондо же эки жана андан ашык бала төрөлгөндө — 70) ушул мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгү боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен берилет.

Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү суммаланып эсептелет жана аялга төрөткө чейинки иш жүзүндө пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан толугу менен берилет.

Бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген аялдардын кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсүнүн узактыгы эмгек стажысына карабастан, айлык акысынын толук өлчөмүндө кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгү боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен төмөндөгүдөй белгиленет:

төрөт ойдогудай болгондо — 140 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 70 календардык күн);

төрөтү оор болгондо — 156 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 86 календардык күн);

эки же андан ашык бала төрөлгөндө төрөткө чейинки өргүүнүн иш жүзүндөгү узактыгына карабастан — 180 календардык күнгө (төрөткө чейин 70 календардык күн жана төрөттөн кийин 110 календардык күн).

(КР 2005-жылдын 30-июнундагы № 852015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

308-статья. Бала асырап алган кызматкерлерге өргүү берүү

Бала асырап алган кызматкерлерге бала асырап алган күндөн баштап жана асырап алган 3 айлык куракка чейинки баланын туулган күнүнөн 70 календардык күн өткөнгө чейинки мезгилге, ал эми эки же андан ашык баланы бир эле мезгилде асырап алууда алар төрөлгөн күндөн баштап 110 календардык күн өргүү берилет.

Баланы (балдарды) эки жубай тең асырап алган учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн өргүү алардын калоосу боюнча жубайлардын бирөөнө берилет.

Бала асырап алган аялдарга алардын каалоосу боюнча ушул статьянын биринчи бөлүгүндөгү өргүүнүн ордуна бала асырап алган күндөн баштап 70 календардык күн өткөнгө чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, ал эми эки же андан көп баланы бир мезгилде асырап алууда алар төрөлгөн болгон күндөн баштап 110 календардык күнгө берилет. Бала асырап алуунун жашырындыгын сактоону камсыз кылуучу көрсөтүлгөн өргүүлөрдү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы № 606 "Уул (кыз) бала асырап алган кызматкерлерге отпуска берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

Урматтоо менен,

Муратбек Азимбаев

тел.: 0700987794; 0776987794 WhatsApp, Telegram, Signal

Эл.почта: muratbek@azimbaev.pro

Skype: muratbek.azimbaev

Очень Важно! Дисклеймер (англ. Disclaimer) — письменный отказ от ответственности за возможные деликтные последствия того или иного поступка в результате действий заявившего данный отказ либо третьих лиц. Под деликтными понимаются любые виды ответственности заявителя. Вы можете не соглашаться с частным мнением Муратбека Азимбаева по вашим вопросам на этом портале http://www.law.kg. Муратбек Азимбаев не даёт заявлений или гарантий, прямых или косвенных, в отношении полноты, точности, достоверности или соответствия содержимого за мнение по вашим вопросам. Мнения Муратбека Азимбаева на портале http://www.law.kg носят информативный характер и не является юридической и иной консультацией. Для изучении ответа на любой из вопросов обращайте внимание на дату публикации. Если с момента размещения ответа прошло значительное количество времени, законодательство, которым регламентируется конкретный вопрос, могло измениться. Соответственно, предложенное Муратбеком Азимбаевым решение может оказаться неактуальным. Муратбек Азимбаев не несет ответственность за любые прямые или косвенные или аналогичные убытки или ущерб любого рода, возникшие в связи с мнением на ваши вопросы на портале http://www.law.kg, за  неточность или упущения,  а также любым решением, которое принимают посетители портала http://www.law.kg на основе информации от Муратбека Азимбаева. Ссылки на ответ на ваш вопрос на портале http://www.law.kg только  с разрешения Муратбека Азимбаева

0
Авторизация
*
*
Регистрация
*
*
*
Пароль не введен
*
Поставьте галочку
Генерация пароля