1 жашка чейинки бала болсо ажырашуу

№113712 | 29.09.2024 | Просмотров: 138

Куйоомо ажырашканы арыз жаз десем , 1 жашка бала чыкпаса болбойт экен дейт.

Мен макулдук берсем доверенность жазып берсем адвокатка болобу ?

Ажырашканы кызым 6 айлык.

Подписаться
Уведомить о
3 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
30.09.2024 12:11

Саламатсызбы!

Кыргызс Республикасынын «Уй булоо кодексинин» 18 беренесине ылайык

Аялы кош бойлуу кезинде жана ортодогу баласы төрөлгөндөн кийин бир жыл ичинде аялынын макулдугусуз күйөөсү ажырашуу жөнүндө иш козгоого укугу жок.

Бул жерде сиздин макулдугунуз болсо, сотко кайрылсаныз болот.

Толугураак маалымат учун 0704554457 кайрылсаныз болот.

Урматтоо менен юрист
Азирет Даирович!

Юрист
01.10.2024 14:37

Саламатсызбы, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ҮЙБҮЛӨ КОДЕКСИ, 2003-жылдын 30-августу № 201 (акыркы Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 6-июнундагы № 41  Мыйзамана редакцияларына ылайык) 17-26 беренелери, Жубайлардын бири каза табуунун айынан, же сот тарабынан өлгөндүгүн жарыялоодон улам нике токтотулат. Нике жубайлардын биринин же экөөсүнүн арызы боюнча никени бузуу жолу менен, ошондой эле сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган жубайлардын көзөмөлчүсүнүн арызы боюнча токтотулушу мүмкүн. Аялы кош бойлуу кезинде жана ортодогу баласы төрөлгөндөн кийин бир жыл ичинде аялынын макулдугусуз күйөөсү ажырашуу жөнүндө иш козгоого укугу жок. Никени сот тартибинде бузуу: 1. Ушул Кодекстин 20-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, жубайлардын ортосунда жашы жетпеген балдары болсо, же никени бузууга жубайлардын бири макул болбосо, мүлк жагынан бири-бирине доосу болсо, никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт. 2. Эгерде жубайлардын бири никени бузууга каршы болбосо да, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никени бузуудан баш тартса (арыз берүүдөн баш тартат, никени бузууну мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө баргысы келбейт жана башка), никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт.… Подробнее »

Юрист
01.10.2024 14:38

Никени бузуу жөнүндө чечим чыгарылганда сот тарабынан чечилүүчү маселелер: 1. Сот тартибинде нике бузулганда жубайлар жашы жетпеген балдары алардын кимиси менен жашай турганы жөнүндө, балдарын багууга жана(же) эмгекке жөндөмсүз жубайына каражат төлөп берүүнүн тартиби, бул каражаттардын өлчөмдөрү, болбосо жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү тууралу макулдашууну соттун кароосуна бере алышат. 2. Эгерде ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча жубайлардын ортосунда макулдашуу жок болгон учурда, ошондой эле эгерде бул макулдашуу балдардын же жубайлардын биринин кызыкчылыгын бузат деп табылган учурда, сот төмөндөгүлөргө милдеттүү: ата-энеси ажырашкандан кийин жашы жетпеген балдар алардын кимиси менен жашай турганын аныктоого; балдарына ата-энесинин кимисинен жана кандай өлчөмдө алимент чегерилип алынарын аныктоого; алардын ортосундагы менчикте болгон мүлктү жубайлардын (алардын биринин) талабы боюнча бөлүштүрүүгө; башка жубайынан тиричилик өткөргүдөй каражат алууга укугу бар жубайынын талабы боюнча, ал каражаттын өлчөмүн аныктап берүүгө. 3. Эгерде мүлктү бөлүштүрүү үчүнчү жактын кызыкчылыктарын козгой турган болсо, сот мүлктү бөлүштүрүп берүү жөнүндө талапты өзүнчө иш өндүрүшү катары бөлүүгө укуктуу.… Подробнее »

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!