№36890: Свет маселеси

18.06.2018 | Просмотров: 83

Саламатсызбы?
Катуу шамал болгондо эки фаза кошулуп калып үйдогү щетчик күйүп кеткен. Жана ошондой эле муздаткыч менен DVD да күйүп кеткен. Щетчикти алмаштырып бергиле деп арыз жазсак, «алмаштырабыз» деген жоопту берип, бирок алмаштырып бербей коюшту. 3жолу кайрылдык да андан кийин күттүк. 6 айдан ашык убакыт өтүп, ушул жылы жаз мартта алмаштырып беришти. Жана акты үчүн «нарушение» деп 4000миң сом токкүлө деп жатышат.

Кайсы тараптын күнөөсү?

Подписаться
Уведомить о
2 ответов юристов
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все ответы
Юрист
19.06.2018 11:59

Асалам алейкум!

Энергия менен жабдуу келишими боюнча энергияны турмуш-тиричилик үчүн пайдаланган граждан абонент болгон учурларда, эгерде колдонуудагы мыйзамда башкача каралбаса, керектөө точкасына чейинки энергетика тармактарынын, эсептөө приборлорунун талаптагыдай техникалык абалда болуусун жана коопсуздугун камсыз кылуу милдети энергия менен жабдуу уюмуна жүктөлөт.

Урматто менен, Мухамет уулу Бекжан

0554 51 56 30, 0703 69 41 34, w/a: 0772 82 89 07

Юрист
19.06.2018 12:06

Саламатсызбы. Сиздин маселениз боюнча толук кандуу териштирүүгө жана тиешелүү органдар менен тактоого юрист же адвокаттарга кайрылганыңыз туура болот го, анткени Сиз көрсөткөндөй табийгый шарттарда авария болуу натыйжасында акт маселеси көрсөтүлгөн. Сиз эгерде аталган органга 3 жолу кайрылгандыгыныз тиешелүү тартипте катталып андан кийин 6 ай өткөндөн кийин чара колдонулган болсо анда электр энергиясын камсыз кылган органдын жоопкерчилиги бар (эгерде 6 ай аралыгында сиз электр энергиясын колдонбогон болсонуз).

Не забудьте оценить ответы юристов (нравится/не нравится) нажав на соответствующий значок слева!